Депутат Өмүрбек Бакиров “Кумтөр” алтын кенин иштетип жаткан чет элдиктерден 200 миң доллардан эмгек акы алган кыргыз чиновниктеринин атын атады. Бул тууралуу “Кумтөр” алтын кени боюнча жаңы түзүлгөн депутаттык комиссиянын кезектеги отурумунда айтты.
“Мен алардын атын атагым келет: Калыйнур Садыров, Нурлан Кыштообаев жана Карыбек Ибраев. Булар мурун “Кумтөрдүн” директорлор кеңешинин мүчөсү болушуп, 200 миң доллардан эмгек акы алышып жүргөн. Бүгүн биздин комиссияга эксперт болуп алышыптыр. Эми булар бизге чындыкты айтмак беле? Тескерисинче бизде, бул жерде болуп жаткан сөздөрдү мурунку кожоюндарына жеткирип жатышпайбы? Ошондуктан арабызды тазалап алсак”, – деди депутат Өмүрбек Бакиров.
Ал “Кумтөр” алтын кени боюнча жаңы түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү.
fakt.kg