Борбордук шайлоо комиссиясы 25 өлкөдөн 153 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Алардын 10у башка мамлекеттердин шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү, 9у эл аралык уюмдар, дагы 9у дипломатиялык өкүлчүлүктөр. Чечим бүгүн кабыл алынды.
Белгилүү болгондой, жергиликтүү кеңешке жана референдумга Өзбекстан, Орусия элчилигинин, Иран, Афганистан, Монголия, Франция жана Украинанын Борбордук шайлоо комиссияларынан 43 байкоочу болууга өтүнүч келген.
Эл аралык уюмдардын 51 өкүлү Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун кабыл алуу боюнча жалпы элдик добуш берүүнүн жүрүшүнө коз салууга ниеттенүүдө.
Жергиликтүү кеңеш жана референдум 11-апрелде өтөт.
fakt.kg