Ж. Акаев, Р. Момбеков СИЗОдогу А. Атамбаевге барышты

05.04.2021

Жанар Акаев УКМКнын СИЗОсунда жаткан Алмазбек Атамбаев менен жолуккан. Бул жөнүндө депутат Жанар Акаев “Супер.ТВ” каналына берген маегинде айтты.

Анын айтымында, ал Рыскелди Момбеков менен бирге мурдагы президентке абакка барган.

“Сүйлөшүп, аябай жакшы отурдук. Ал кишинин (Атамбаев) ооруп жатканын көрдүм. Көп отура албайт, айрым оорулары козголуп жатканын… Бир чети менин ичим ачышты. Өлкөнү башкарган адамдар мешке жылынып отурганына ичим ачышты. Президент мага өзүнүн убагында кетирген катачылыктарын айтып берди, мойнуна алды. Мени дагы фракциядан чыгарып, кандайдыр бир куугунтук болгону туура эмес экенин, ошол убакта СДПКдан катачылык кеткенин Атамбаев мойнуна алып айтты. Бизге билинбей көп депутаттар барып жолугушат экен. Тымызын тамак киргизишет экен, “эмне колдоо бар?” деп турушат экен. Анткени, баары бир Атамбаевдин саясий күчү бар”, – деп билдирди Жанар Акаев.

“Бир нерсени мойнубузга алышыбыз керек. Атамбаевдин учурунда түндүк-түштүк альтернативдик жолу, чыр болсо дагы ЖЭБдин реконструкция болгону, “Датка-Кемин” сыяктуу чоң долбоорлор башталып, айрымдары бүткөн”, – деп кошумчалады ал.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram