Ак-Өргөнүн жашоочулары “Эмгек” партиясын бир добуштан колдой турганын билдирди

05.04.2021

“Эмгек” саясий партиясынан шайлоого аттанган талапкерлери бул ирээт Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушунун тургундары менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө депутаттыка талапкер Рысбек уулу Таланбек партиянын программасында шаарды өнүктүрүү үчүн керектүү болгон долбоорлор сунушталып жатканын айтты. Бул долбоорлор ишке ашса, анда калаадагы чоң өзгөрүүлөр бишкектиктердин жашоосун жакшыртып, шаарда туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кыларын белгиледи.

“Биздин партия “Демилгелүү шаар” деген программасын сунуштап жатат. Ал программада шаарды өнүктүрүүнүн негизги багыттары камтылган жана турмушубуздагы көйгөйлөрдүн чечүү жолдору белгиленген. Биз шаарды эффективдүү башкарабыз, инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзөбүз. Ошондой эле таштандыларды сортоо маданияттын калыптандырып, шаарыбызды жашылдандырып жана экологиябызды жакшыртууга басым кылабыз. Андан сырткары, транспорт саясаттын ишке ашырабыз, шаарлыктарга ыңгайлуу заманбап эс алуучу жайларды салып, сергек жашоону тартуулайбыз жана башка бир топ багыттар боюнча иш алып барабыз”, – деди ал.

Ошондой эле дагы бир талапкер Даирбек Мурадинов шайлоочуларга кайрылып, туура тандоо жасоого чакырды.

“Бишкектин эртеңки тагдыры сиздердин колуңуздарда. Эгер өнүгүп-өсөлү десек, туура тандоо кылуубуз керек. Шаарыбыздын өнүгүшүнө өзүнүн салымын кошом деп бардык жоопкерчиликти алууга даяр адамдардын келишин кааласаңыз, анда “Эмгек” партиясын тандаңыздар!”, – деп баса белгиледи Мурадинов.

Ак-Өргөнүн тургундары ар убак элине ак кызматтарын өтөп келген “Эмгек” партиясынын командасын чын дилинен колдоорун айтышып, ак ниеттерин билдиришти. Ошондой эле алар талапкерлерге ак батасын беришти.

“Эмгек”саясий партиясынын үгүт иштери уланып жатат.

“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram