Мурдагы Тажик ТИМ башчысы К.Ташиевге дагы комментарий берди

02.04.2021

Тажикстандын мурдагы Тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи менен Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы  Камчыбек Ташиев Фейсбук аркылуу пикир алышууну улантууда.

Хамрохон Харифи Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик чек араларынын айрым аймактарын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын тең төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу жооп берди.

“Мен улуу кыргыз эли жана анын байыркы бай маданияты жөнүндө эч качан жаман айткан эмесмин. Биздин элдер коңшу гана эмес, кандайдыр бир деңгээлде үй-бүлөлүк байланыштарга ээ. Биз баардыгыбыз кыргыз элинин баатырдык эпосу, анын башкы каарманы, баатыры Манас жана анын жубайы Каныкейди жакшы билебиз. Мен боордош кыргыз элине, анын маданиятына жана тарыхына болгон сый-урматым жогору. Бул өлкөдө менин жүздөгөн  кадырлуу досторум бар. Мен ар дайым боордош кыргыз элине бейпилдүүлүктү жана гүлдөп-өнүгүүнү, жанаша тынчтыкта жашоону, оор күндөрдө өз ара жардамдашууну жана бири-биринин кубанычын ар дайым бөлүшүп турууну каалайм”,-деп жазган Хамрахон Зарифи.

Ал Камчыбек Ташиевден тажик элинин бир бөлүгүнүн тагдыры жөнүндө адамгерчиликсиз сүйлөбөөнү, “маселени чечүүнүн жана акылга сыйбаган вариянттарын сунуштабоону ошол эле учурда сүйлөшүүлөрдүн баардык этикалык нормаларын сактап, анын мазмунун ачып берүүсүн өтүндү. Башка тараптын макулдугу жок маалымат жыйын өткөрбөөнү суранды.

Буга чейин Хамрохон Зарифи Ворух Тажикстанда эч качан анклав деп саналбагандыгын айткан.

Тажик-кыргыз чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзсө, анын 504 чакырымы гана делимитацияланган жана демакрацияланган. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө жана эки мамлекеттин чек ара көйгөйлөрүн чечүүгө жана чыр-чатактарды токтотууга даярдыгына карабастан, ок атуучу куралды колдонууга жана аскер күчтөрүн катышуусуна байланыштуу окуялар уланып келе жатат.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram