Тырмагын кесип, башын кайнатып… Алматыда өлтүрүлгөн 19 жашар кыз

29.03.2021

Алматыда 19 жаштагы кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү жөнүндө кабар казакстандыктарды таң калтырды. Аяжан Эдилова университетте окуп, сулуулук салонунда иштеп, кийим дизайнери болууну кыялданып жүргөн.

Казакстандын маалымат булактарынын маалыматына ылайык, 19-мартта кыз жумуштан чыгып, бирок өзү жашаган жатаканага келген эмес. Биринчи болуп анын жигити издеп баштаган. Ал Аяжандын туугандарына кабарлап, алар полицияга кайрылышкан.

«Менин кичинекей карындашым Медеу РОВДсына барып,арыз жазаарын билдиргенде полиция кызматкерлер митингде жүргөндүгүн айтышкан », – дейт жабырлануучунун бир тууган агасы Алмат Муликов.

Мындай жоопту уккан туугандар өз алдынча иш-аракет кылууну чечишкен.Алар ыктыярчыларды бириктирип, кызга жеткирген таксистти таап, видеокөзөмөлдөөчү камералардагы жазууларды текшеришкен.

Аяжан барган даректи билгенден кийин, туугандары аны полицияга кабарлашып, өздөрү ошол жакка барышкан. Келгенден кийин, алар үйдүн жанында эчак формачан жана тез жардам унаасын тургандыгын көрүшкөн. Бир нече мүнөттөн кийин туугандары канжалаган адамды  эшиктен алып чыгып кетишкенине күбө болушкан. Көрсө, ошол маалда полиция Аяжандын сөөгүн табышкан экен: аны мыкаачылык менен өлтүрүп, андан кийин денесин бөлүп салышкан.

«Полиция кызматкерлери батирге киргенден кийин, кыздын денеси жиликтенип калгандыгын аныкташкан. Шектүүнүн көрсөтмөсүнөн ал кылмыш изин жашыруу үчүн денени бөлүп жаргандыгы аныкталды. Шектүү кызды кескилеп, Алатау аймагынан айрым бөлүктөрүн алып чыгып, таштанды челектерине катып койгон.Кошумча соттук-медициналык экспертиза дайындалды ”, – дейт Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Рустам Абдрахманов.

Бирок полиция ошол эле күнү кечинде маркумдун туугандарына кыз буга чейин өлүп калгандыгын билдирген эмес. Туугандары киши өлтүрүү жөнүндө эртеси гана маалымат каражаттарынан билишкен. Киши өлтүрүүнүн чоо-жайы бүт өлкөнү дүрбөлөңгө салды.

«Ар бир тырмагы  кесилип, ар бир тиш жулунган.Башын кесип, сууга кайнаткан”,-дейт жабырлануучунун бир тууганы Алмат Муликов.

Кылмышка шектүү 28 жашта, Түркстан облусунунда туулган, жогорку медициналык билимдүү, Алматы шаарында батир ижарага алган. Азыр ал ооруканада.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram