Бишкекте чет элдиктерге кызмат көрсөткөн кыз соттолду

26.02.2021

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту порнография таратып жүргөн кыз боюнча чечим чыгарды.

2020-жылдын ноябрь айында соттолуучу кыз элиталык көп кабаттуу үйдө жайгашкан батирде веб-камера студиясын ачкан. Батир-студияны компьютер жана тематикалык шаймандар менен жабдыган. Акчага кыз АКШда жана Европада жашаган кардарлар үчүн веб-камера аркылуу денесин көрсөткөн.

Кардарлар менен чет өлкөдө катталган эсептер аркылуу эсептешкен. Сотто кыз күнөөсүн мойнуна алды.

Сот кызды Кылмыш кодексинин 130-беренеси (“Порнографиялык объектилерди жайылтуу”) боюнча күнөөлүү деп тапты. Интернет аркылуу маалымат таратууга байланыштуу иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн кызга 6 айлык мөөнөткө тыую салынып, 30 миң сом айып салынган.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram