Садыр Жапаров Путинге эмне бергендигин айтты

26.02.2021

Россияга болгон биринчи расмий иш сапарында Кыргызстандын Президенти  Садыр Жапарпов “Российская газетага” маек берип Россиянын президенти Владимир Путинге эмне белек бергендигин айтты.

«Мен Россиянын Президенти Владимир Путинге кооз кылыч белек кылдым. Кылыч Кыргызстандагы мыкты чеберлердин колунан чыккан.», – деп белгиледи Садыр Жапаров журналисттин суроосуна жооп берип жатып.

— Кыргызстанга келген туристтерге кайсы улуттук сувенирлерди алууга кеңеш берет элеңиз? Кайсы улуттук тамактарды сунуштайт элеңиз? Үй-бүлөңүздө улуттук тамактар жасалып турабы?

— Кийиз кыргыз эли үчүн өзгөчө мааниге ээ жана көчмөндөрдүн күнүмдүк турмушунда алмаштырылгыс материал болгон. Ошондуктан, мен туристтерге сувенир катары кийизден жасалган буюмдарды алууну сунуштайт элем. Кийиз жасоо кылымдардан бери муундан муунга өтүп келе жатат. Андыктан андан жасалган буюмдар тарыхый жана маданий жактан өтө баалуу.

Ал эми тамак-аш маселесине токтолсок, эт улуттук тамак-ашта өзгөчө орунду ээлегендиктен, мен кыргыз мергенчилеринин уникалдуу «Таш-Кордо» тамагынан даам сызып көрүүнү сунуштайт элем. Аны даярдоо үчүн тереңдиги бир метрге жакын атайын чуңкур даярдалып, дубалдарына таштар коюлуп, от жагылат. Отундун чогу калганда, жаныбардын эти ысык таштарга төшөлүп, үстүнөн бутактар, териси жана топурак менен жабылат. Мындай тамакты үй шартында даярдоо бир топ түйшүктү жаратат, андыктан ал өзгөчө учурларда гана жасалат.

Албетте, улуттук ашкана жөнүндө сөз болгондо, биздин айтылуу «Бешбармак» жөнүндө сөз кылбай коё албайбыз. Ал өлкөбүздүн дээрлик бардык үй-бүлөлөрүндө жасалат. Менин үй-бүлөм дагы бул тамакты абдан жакшы көрөбүз.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram