Бишкекете үй шартында витаминдерди, майларды жасашкан (Видео)

26.02.2021

Каржы полициясы контрафакттык азык-түлүктөрдү ,биологиялык активдүү кошумчаларды өндүрүү үчүн тиешелүү уруксат кагаздары жок жер астындагы дүкөндү аныктады. Бул тууралуу fakt.kgге Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

25-февралда Бишкектеги Донской көчөсүндө жасалма продукттарды – диеталык кошумчаларды өндүрүүчү жер астындагы цех иштеп жаткандыгы аныкталды. Төмөнкү азыктар антисанитардык шарттарда жасалган: омега 3-6-9, гүл уну, зире майы, зайтун майы жана башкалар. Негизги уюштуруучулары чет мамлекеттин жарандары экендиги аныкталды. Текшерүү учурунда заттык далилдер (идиштер, этикеткалар, даяр продукциялар) алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram