Бишкекте ди-джейди өлтүрүп кетишти

26.02.2021

Бишкекте ди-джейди өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 25-февралында саат 00:40 чамасында “102” кызматына белгисиз адам эс-учун жоготкон абалда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринде жаткандыгы тууралуу чалуу түшкөн.

Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге жөнөп кетишкен, ал жерге келип, текшерүү жүргүзгөндө көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Милиция кызматкерлери маркумдун С.Д. аттуу 1983-жылы туулган жаран экенин аныкташты.

Бул факт Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын каттоосуна алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда адам өлтүрүүгө шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Буга чейин, 25-февралда Чыгыш-5 кичи районунун үйлөрүнүн биринин кире беришинде 312 клубунун ди-джейи атып кетишкендиги айтылган. Жабырлануучунун денесинен эки ок жаракаты табылган.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram