Депутат Россиянын Кыргызстанга болгон мамилесине нааразы

25.02.2021

 Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шарапов эмне үчүн Кыргызстанда газ жана күйүүчү майлардын баасы кымбаттап жаткандыгын сурады.

Анын айтымында, газды рубль менен сатып алуу керек.

«Күйүүчү майдын баасы саат сайын өсүүдө. Акыркы он күндө баалар 10 сомго көтөрүлдү. Биз Россия менен көптөгөн маселелерди орус тилинде чечебиз, бирок акчага келгенде, долларга туш болуп калабыз. Ошондуктан, күйүүчү майларды рубль менен сатып алышыбыз керек деп эсептейм», – деди ал.

Депутат азык-түлүктүн кымбатташы газга байланыштуу экендигин, ал эми Кыргызстанда газдын баасы коңшу өлкөлөргө караганда кымбат экендигин кошумчалады.

«Россиянын бизге болгон мамилесин талаптагыдай деп айтууга болбойт. Биздин өлкөдө газдын баасы коңшу өлкөлөргө караганда кымбатыраак», – деди З.Шарапов.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram