Милиция кызматкерлери адамдын өмүрүн сактап калды

23.02.2021

Бычактан оор жаракат алган жаранды ИИМдин Күзөт кызматынын милиция кызматкерлери сактап калды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн 3-взводунун № 352 кармоо тобунун кызматкерлери кармоо тобунун взвод командири милициянын лейтенанты Айбек Омурбеков, милиционер автоматчик милициянын прапорщиги Амантур Доронбеков жана милиционер айдоочу милициянын старшинасы Тагай Адырбеков 2021-жылдын 19-февралында болжол менен саат 22:50 чамасында, 102 “Байкал” радиостанция байланышынан Бишкек шаарынын Малдыбаева көчөсүндөгү батирлердин биринен бычактан жаракат алды деп чакыруу алышкан. Октябрь райондук Күзөт кызматынын взвод командири милициянын лейтенанты Айбек Омурбековдун айтымында “Биз 2021-жылдын 19-февраль күнү адаттагыдай эле кезметтеги күзөткө чыктык, бычактан жаракат алды деп чакыруу түшөөр замат, айтылган даректи көздөй кеттик. Биз барган учурда орус улутундагы жаран жана анын жанында оор жаракат алган жаран кансырап жатканын көрдүк. Ошол замат жанымдагы кесиптешим шектүүнү кармады, биз болсо автоунаадагы дары-дармектерди салуучу баштыкчаны алып, тез жардам кызматы келгенче биринчи медициналык жардам көрсөтүп, жаракат алган жараатынын канын токтотуп, 103 кызматына уюлдук телефон аркылуу кайра байланышка чыгып чакырдык. Андан соң 10 минут аралыгында тез жардам автоунаасы келип калды. Ошол замат оор жаракат алган Т.Э.ни тез жардам кызматкерлерине автоунаасына салышып жардам бердик. Маалыматтарды тактоодо, 1993-жылы туулган жаран Т.Э. Бишкек шаарынын тургуну болот, бөйрөк тарабына ашкана бычагы менен жаракат алган. Кылмышка шектүү 1987-жылы туулган Б.А. кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин тергөө бөлүмүнө тапшырылды.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1309

21700

Акыркы кабарлар