Бишкекте №5- муниципалдык мончонун кызматтары кымбаттайт.Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2019-жылдын аягына чейин 100дөн ашуун мончо жана сауналар каттоодон өткөн, бирок, албетте, алардын саны дагы көп. Борбордогу мончолордо бир сааттык жуунуунун баасы бир адамга 300 сомдон башталат.
Ошондой эле борбор калаада, Гагарин көчөсү, 74 дарегинде№5-мончо жана кир жуугуч ишканасы бар, ал 1968-жылы курулган, ошондон бери “Бишкектлоэнерго” ишканасы объектини талаптагыдай иштөө режиминде кармап турат. Чоңдор үчүн жалпы бөлүмдөгү муниципалдык мончо кызматынын баасы 130 сомду түзөт.
“Биз жыл сайын капиталдык жана косметикалык оңдоолорду жүргүзөбүз, техникалык жана көмөкчү шаймандардын учурдагы абалын жана колдонууга жарамдуулугун көзөмөлдөп турабыз. Бирок энергия алып жүрүүчүлөрдүн, блоктордун, курулуш материалдарынын жана башка жабдуулардын наркы тынымсыз өсүп турат, бирок №5- мончонун кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасы өзгөрүүсүз бойдон калууда. Көптөн бери өтө зарылчылык болбосо, тарифтерди көтөрбөй келгенибизди эске алышыңызды өтүнөбүз. Баса, мончо кызматтарынын тарифтери акыркы жолу 2016-жылы өзгөртүлгөн”,-деп айтылат мэриянын маалыматында.

Ушуга байланыштуу, 2021-жылдын 1-мартынан тартып, № 5 – мончодо кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын бир аз көтөрүүгө мажбур болуп жатабыз, жогорулоо этап-этабы менен жүргүзүлөт.
fakt.kg