МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

“Кабарлар” сайтынын жетекчиси кармалды

23.02.2021


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымат агенттигинин башчысы У.Мны кармады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз борборунан билдиришти.

УКМК буга чейин КР Кылмыш-жаза кодексинин “Акча талап кылуу” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөндүгү көрсөтүлгөн.

“У.М 84 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган. Патрулдук милиция кызматкерлери мас абалында унаа башкарган жаранды административдик жоопкерчиликке тартылган учур видеого тартылган. Арыз ээсинен тартылган видеотасманы сайттан алып салуу үчүн У.М акча талап кылган. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын башчысы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”,-деп айтылат маалыматта.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram