Россиянын “Спутник V” вакцинасы Кыргызстанда коронавируска каршы каражат катары катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаменти “Спутник V” вакцинасын коронавируска каршы каражат катары каттады.
«Вакцинанын катталышы – коронавирус инфекциясынын алдын алуу үчүн эмдөө жүргүзүүнү тездетет. Коронавируска каршы эмдөө элдин каалоосу менен жүргүзүлөт»-деп билдирди Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.