Өзбекстанда коронавирустун жаңы штаммы аныкталган алгачкы адам катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, COVID-19дун жаңы түрү 23-январда Дубайдан үй-бүлөсү менен учуп келген 10 жаштагы кыздан табылды.
Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн коронавирус аныкталбагандыктан алар үй карантинине гана алынды. Учурда кыздын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
fakt.kg