Кочкордо 23 жаштагы кызды өлтүрүп кетишти

25.01.2021

2021-жылдын 23-январь күнү 21:30 чамасында Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну 1990-жылы туулган тургуну К.Б 2021-жылдын 23-январь күнү болжол менен саат 18:00чамасында Тынай-Булак кыштоосунда малымды багып жаткан чабаным 1995-жылы туулган М аттуу жарандын жашоо абалын көрүп келейин деп барган учурда сарайдагы үйдө белгисиз себептер менен каза болгон адамдын жансыз денеси жатыптыр деген билдирүү менен Кочкор РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө кайрылган.

Аталган билдирүү боюнча Кочкор РИИБнүн ыкчам-тергөө тобу барган учурда сарайдагы үч бөлмөлүү үйдүн ичинен жашы болжол менен 20-25 жаштагы күч колдонуп өлтүрүлгөн азиат улутундагы аял кишинин жансыз денеси табылып, анын өздүгү такталып, ал Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1998-жылы туулган К.К экендигин такталган.

Ошондой эле К.Б нын малын багып жаткан малчы М аттуу жарандын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул факты боюнча Кочкор РИИБү тарабынан каттоого алынып, КР Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1309

21700

Акыркы кабарлар