Президенттик кызматка жаңы шайланган Садыр Жапаровдун биринчи чет элдик иш сапары Россияга пландаштырылууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшан Сабиров Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, экология жана суу ресурстары боюнча комитеттин отурумунда билдирди.
“Садыр Жапаров биринчи сапарын Россияга жасоого ниеттенүүдө”,-деп Сабиров.
Сабировдун айтымында, Садыр Жапаров иш сапардын жүрүшүндө орус тарап менен жаратылыш газына болгон бааны төмөндөтүү маселесин талкуулоону көздөп жатат.
fakt.kg