“Ата, мени өлтүрүп салчы” Адам чыдагыс оорудан Эсен каза болду

25.01.2021


Рак менен күрөшкөн Эсен каза болду. Бул тууралуу активист Динара Аляева билдирди.

“Дүйшөмбү, 25-январь. Таанышканыбызга 2 ай болгон. Эсен оорудан кийин Феникс сыяктуу кайрадан жаралгысы келген, бирок рак менен күрөшү натыйжа берген жок. Эсен көз жумду. Ал рак илдети эмес, кылмыштуу шалаакылык, менменсинү жана дарыгердин сабатсыздыгынан каза болду.Эсен биздин медицинада болуп жаткан үмүтсүз башаламандыктын курмандыгы.Ал болгону 23 жашта эле.Эсиңизде болсун: бейтаптар унчукпай турса, системаны өзгөртүү мүмкүн эмес, балким сиз Эсендин ордунда болуп каласыз. Кечир,бмз сени сактап кала алган жокпуз “, – деп жазган ал Фейсбуктагы баракчасына.

Эсен медициналык жардам жана ооруну басаңдатуучу дарыларды кечигүү менен алган. Адам чыдагыс азаптын айынан атасынан аны өлтүрүп салууну өтүнгөн.

 
Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1309

21700

Акыркы кабарлар