Түптө жол кырсыгынан 9 адам жаракат алып, 1 адам каза болду

25.01.2021

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каракол-Бишкек унаа жолунда жүргүнчү ташыган “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү кичи автобус жол кырсыгына кабылды. Кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы тогуз адам жаракат алды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын башкы башкармалыгы билдирди.

Мекемеден билдиргендей, кырсык кечээ саат 15:20 чамасында Күрмөнтү айылынын аймагында болгон.

“Жүргүнчү ташыган кичи автобустун айдоочусу Каракол шаарнынан Чолпон-Ата шаарын көздөй бара жаткан. Айдоочу рулду башкара албай, даракты барып сүзгөн. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Мындан аркы тергөө иштери менен Түп районунун Ички иштер башкармалыгы алектенет”,-деп билдирди Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын башкы башкармалыгынан.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1309

21700

Акыркы кабарлар