Конституциянын жаңы редакциясы даяр

25.01.2021

Конституциянын жаңы редакциясынын акыркы долбоору даяр болду. Бул тууралуу Конституциялык жыйындын башчысы Бекбосун Бөрүбашов билдирди.

Бөрүбашовдун айтымында, жакынкы күндөрү документ Жогорку Кеңештин депутаттарынын кароосуна коюлат.

“Эл депутаттары долбоордун жаңы редакциясын коомдук талкууга коюуга милдеттүү деп эсептейм. Коомчулук эмнеге добуш берип жаткандыгын түшүнүп, референдум өткүчө алар кайсыл башкарууну тандап аларын билип алыштары керек”,-деп билдирди Бекбосун Бөрүбашов.

Буга чейин айрым депутаттар  тобу регламентти  өзгөртүү демилгеси менен чыгышкан. Жаңы мыйзам долбоорунун авторлору, анын ичинде депутат Акылбек Жапаров Конститутциянын жаңы долбоорун коомдук талкуулоонун кажети жок деп эсептээрин айткан. 

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1309

21700

Акыркы кабарлар