Кыргызстанда Pfizer коронавирус вакцинасын сактоочу атайын муздаткычтар жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
«Үч күн мурун бизге Pfizer вакцинасынын 1 200 000 дозасын сунушташкан, бирок аны -70 градуста сактоо керек. Бизде андай муздаткычтар жок – бирөө 4000 доллар турат, ошондой эле атайын шприцтер керек. Жалпысынан кыргызстандыктарды эмдөө үчүн 2 миллион доллардан ашык каражат керек, бюджетте андай акча жок. Программадан дагы бир вакцина сурайбыз, суук чынжырды изилдейбиз. Ошондой эле Россиянын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, алар бизге алгылыктуу вакцина – Sputnik V же Вектор беришсин деп Владимир Путинге кат жаздык, алар -2ден -18 градуска чейин температурада сакталат, бизде ушундай муздаткычтар бар », – деди чиновник.
Fakt.kg