Жумгалда милиция кызматкерлери тургундары менен жолугушуу

19.01.2021

Жумгалда милиция кызматкерлер жергиликтүү айыл тургундары менен жолугушууларды өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Жумгал РИИБнүн милициянын көчмө кабылдамасы менен Жумгал РИИБнун начальнигинин милдетин убактылуу аткаруучу милициянын подполковниги У. Коноевич жергиликтүү аткаруу бийлигинин кызматкерлери менен биргеликте Жумгал районунун Миң-Куш , Кабак айылдарына барып эл менен жолугушуу өткөрүп, жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар жол коопсуздугу, электр жарыгы көйгөйлүү маселелердин бир болуп жаткандыгын баса белгилеп айтышты.

Бул боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар берилди. Айрым маселелерди угуу менен жеринен чечип маектешүү жүргүзүп, көмөк көрсөтүп келишти. Натыйжада, милициянын көчмө кабылдамасына 4 жаран кайрылып, ыраазычылык билдирмелерин калтырышты. Арыз – даттануу катталган жок. Милициянын көчмө кабылдамасы менен айыл аймактарга ишке сапарга чыгуу үчүн милиция кызматкерлери не бир кыйла жеңилдиктерди алып келүүдө жана натыйжалуу профилактикалык иш- чаралар жеринен өткөрүүлүдө.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1309

21700

Акыркы кабарлар