Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сунушун четке какты.

Комиссия белгилегендей, Кылмыш кодексине ылайык, мамлекеттик сыйлыктар, аскердик наамдар, класстык чендер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганда же оор кылмыш жасаган учурда жокко чыгарылат. Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратууга негиз жок.