Дача СУга учактын кулаган себеби аныкталды (Видео)

14.01.2021

Учкучтар өлөр алдында эмне тууралуу кеп кылышкан? Алардын негизги катасы эмне болгон? Дача СУдагы учак кырсыгынын себеби эмнеде? sputnik.kg маалымат агенттиги ушул жана башка суроолорго жооп алышкан.

Так төрт жыл мурда жүк ташыган “Боинг” Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулаган. Кырсыктан 39 адам, тагыраагы, 35 кыргызстандык жана экипаждын төрт мүчөсү каза болгон. Учкучтардын ката кетиришине эмне себеп болгонун билүү үчүн биз эксперттерге кайрылып, Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин отчету менен тааныштык.

Көрсө, трагедия алдында учкучтардын кабинасында абал курчуп кеткен экен. Кыргызстандык диспетчер инструкция боюнча иш алып барганына карабай аны тилдеп жатышкан.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram