Коронавирус илдетинин пандемиясы экинчи жылы биринчи жылга караганда кыйыныраак болот. Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун Өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан билдирди.
Анын айтымында, коронавирустун экинчи толкуну Түндүк жарым шарда, айрыкча Европа жана Түндүк Америкада кескин көбөйүүдө.
Инфекциянын жайылышына алып келген факторлор — кыш мезгили, жабык имараттарда элдин массалык топтолуусу, ошондой эле коронавирустун жаңы штаммдарынын пайда болуусу.
fakt.kg