ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери дүйнөлүк чемптонатта күмүш медалына ээ болду

14.01.2021

Өткөн жылдын 7-10 ноябрь арасында Сербия Республикасынын Нови-Сад шаарында самбо боюнча дүйнө биринчилиги болуп өткөн. Ал мелдеште Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматчысы, ефрейтор Карыяев Дайырбек Үмүтбекович күжүрмөн самбо боюнча 74 кг. салмактагы балбандар арасында күмүш медалды жеңип алды.

Дайырбек Карыяев учурда КР ИИМдин Ички аскерлеринин 705 аскер бөлүгүнүн спорттук машыгуу борборунун таймаштар түрү боюнча тобунда ага спортсмен болуп кызмат өтөөдө.

Анын жетишкендиктери:

  • күжүрмөн самбо боюнча 2015, 2016, 2018, 2019, 2020-жылдары Кыргыз Республикасынын чемпиону болгон;
  • күжүрмөн самбо боюнча 2016-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси;
  • күжүрмөн самбо боюнча 2018-жылы Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Азия чемпионатынын жеңүүчүсү;
  • күжүрмөн самбо боюнча2018-жылы Румыниянын Бухарест шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси;
  • күжүрмөн самбо боюнча2018-жылы Казак Республикасынын Астана шаарында өткөн Дүйнө кубогунун чемпиону;
  • күжүрмөн самбо боюнча 2019-жылы Казак Республикасынын Нур-Султан шаарында өткөн Казакстандын тунгуч президенти Н.Назарбаев атындагы Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү;
  • күжүрмөн самбо боюнча 2019-жылы Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн А.А.Харлампиевдин мемориалына арналган Дүйнөнүн супер кубогунун күмүш медалынын ээси;
  • күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча 2015, 2016, 2017, 2018, 2019-жылдары өткөн, Кызыл Жылдыз орденинин кавалери, жоокер-интернационалист Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү;
  • күжүрмөн самбо боюнча Сербия Республикасынын Нови-Сад шаарында өткөн Дүйнөлүк чемпионаттын күмүш медалынын жеңүүчүсү;

Күжүрмөн самбо боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери. Спорттук самбо боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери.

Маалымдама:

Дайырбек Карыяев 1994-жылы 10-июлда Ош областынын Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылында туулган. 2020-жылы “Юриспруденция” адистиги боюнча Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган. 2019-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram