Милициянын кайгуул кызматкерлери ээнбаштык кылган жаранды кармады. 2021-жылдын 12-январында 01:20 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Төмөнкү-Аларчадан балдар уруп кетишти деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1987-жылы туулган С.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 01:00 чамасында “Хонда Степ” үлгүсүндөгү авто унаа менен белгисиз жарандар келип, арыз ээсин эч себепсиз уруп, денесине залал келтиришкен. Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары М.Э. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук Тергөө кызматына өкөрүшүп, беришкен. Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-берененин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
fakt.kg