Бишкекте Алтуха кармалды (Фото)

13.01.2021

УКМК “Алтуха” деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Алтынбек Ибраимовду кармады. Бул туурлауу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алтуха Уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында кармалган.

«Бүгүн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Алтынбек Ибраимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалган адамга карата анын кылмыш иштерине катыштыгы бар экендиги боюнча зарыл болгон тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүп жатат », – деп белгиледи УКМК.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram