“Садыр Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын деп пара сурагандарды камагыла…”

13.01.2021

Садыр Жапаров элге кайрылды.

“Садыр Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын, кеңешчисимин” дешип, ар кайсы жерлерге барып, опузалоо менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар келип жатат.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери!
Мейли ким болбосун, пара талап кылган болсо, мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо дагы дароо камакка алгыла. Мындан ары мыйзамсыз, адилетсиз иштерге жол берилбейт!”,-деп билдирди Садыр Жапаров.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram