Депутат Аккулу Бердиев Чоң-Алай районундагы “Алтынкен” компаниясынын контрабандалык концентратында алтын бар 4 тонна чийки зат 17 жүк ташуучу автоунааны Кыргызстандан чыгарбоону суранды. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутаттын айтымында, ал көрсөткөн 17 жүк ташуучу концентрат “Эркештам” көзөмөл-өткөрмө бекетинде турат.Жүк ташуучу унааларда 4 тонна чийки зат бар. Алар буга чейин кармалган, ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы иш козгогон. “Аларда жасалма документтер бар, лицензиялар боёк менен оңдолгон. Бул унааларда 4 тонна жүк бар. Мындай система уланууда. Баардыгы контрабандалык жол менен өтүп жатат, эки унаа өтүп кетти деп жатышат. Аларды өлкөдөн чыгарып кетип жатышат, эл үчүн эч кандай пайда жок”, – деди депутат.
fakt.kg