Садыр Жапаровдун инаугурациясына кимдер келет… (Тизме)

13.01.2021

Президенттик администрация жаңы шайланган мамлекет башчынын инаугурациясына активдүү даярдык көрө баштады. Алдын ала маалыматтар боюнча, 21-28-январь аралыгында өтөрүн билдиришти. Так датасы дагы деле болсо талкууланып, бекитилген жок.

Белгилүү болгондой, буга чейин Кыргызстандын өнөктөш мамлекеттеринин башчыларына чакыруу кагаздары жөнөтүлгөн. Маалымат булактары билдиргендей, Садыр Жапаровдун инаугурациясына Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев жана башка мамлекеттердин башчылары катышат деп күтүлүүдө. Жакын арада сыйлуу коноктордун тизмеси жарыяланары белгиленди.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram