“Пандемияга кимдер тиешеси бар? Абылгазиев, Боронов, Өмүрбекова. Алардын бардыгы жооп беришет, биз баарын аягына чейин жеткиребиз”, – деди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеев бүгүн, 12-январда журналисттерге.
Эске сала кетсек, учурда экс-премьер-министр Кубатбек Боронов сурак берип жатат.
Жапыкеев айткандай, пандемия учурунда 1000ден ашуун адам каза болду, бул үчүн бирөө жооп бериши керек.
“Биз бул үчүн күнөөлүү болгондордун бардыгын суракка чакырабыз. Эч ким жоопсуз калбайт”,-деди Жапыкеев.
fakt.kg