Мыктыбек Арстанбек партия түзөт

12.01.2021

Кыргыз Республикасынын мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик кызматына талапкерлигин койгон Мыктыбек Арстанбек өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын таанып, алдыда саясий партия түзүү ниетин билдирди. Ал мындай пикирин өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу жарыялаган.

Анын айтымында, Өлкө тарыхында биринчи жолу шайлоо таза жана ачык-айкын өттү, бирок алдыда дагы аткарыла турган иштер бар.

“ Шайлоо үгүттүгүндө биз болгону 120 миң сом сарптап, 4-орунга жетиштик. Эл сизди угушу үчүн көп акча каражатын коротуунун кажети жок экендигин далилдей алдык”, – деди Мыктыбек Арстанбек.

Ал ошондой эле саясий партия түзүү ниетин билдирип, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштөөгө даяр адамдарды өзүнө кошулууга чакырды.

“Биз жаңы коомдун, ошондой эле жаңы саясий маданияттын үлгүсүн көрсөткүбүз келет. Саясий партия түзүү биздин  алгачкы кадамыбыз. Жаңы платформа, устав, программа иштеп чыгып, элге тартуулайбыз”,-деп кошумчалады Мыктыбек Арстанбек

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram