Кечээ, 6-январда АКШ Конгрессинин кош палатасы Жо Байдендин жеңгенин расмий түрдө бекитиши үчүн жалпы отурумга чогулган. Ага карата Дональд Трамптын тарапташтары нааразычылык митингине чыгышкан. Алар Капитолийди басып алышты.

Конгресстеги атышуудан бир аял жаракат алып, кийинчерээк жергиликтүү ооруканада көз жумган. Мындан тышкары, Капитолий имаратынын сахнасынан кулап кеткен 24 жаштагы жигит ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын абалын оор деп баалап жатышат. Ошондой эле бир нече укук коргоо кызматкерлери жаракат алышты. Алардын бири ооруканага жаткырылды.
fakt.kg