Нарында ок атылып көчөдө турган жаран жаракат алды

25.11.2020

Нарын шаарындагы ресторандын жанында ок атышуу болуп, бир жаран жабыркады.  Бул тууралуу ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 24-ноябрда саат 18:20 чамасында болгон. Нарын шаарынын тургуну 23 жаштагы тургуну К.А. жана 21 жаштагы Т.Э. уруша кетишип, Т.Э. белгисиз ок атуучу курал менен атканда, ок көчөдө турган башка жарандын оң бутуна тийген.

Жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Бул окуяны Нарын ШИИБи «Бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Азыркы учурда шектүүлөр аныкталып, аларды кармоо иш чарасы жүргүзүлүүдө. Милиция жогорудагы жарандардын уюшкан кылмыштуу топко тиешеси жок экендигин кошумчалады.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram