6 жашар баланы сабаган өгөй ата менен министрлик соттошот…

25.11.2020

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Сокулукта сабалган баланын өгөй атасы менен соттошот. Бул тууралуу Ализа Солтонбекова парламентте министр кызматына талапкерлиги каралып жатканда билдиргенин sputnik.kg жазып чыкты.

Анын айтымында, учурда ал бала чоң энеси менен Ат-Башы районунда турат. Социалдык кызматкерлер көзөмөлгө алып карап жатышат.

“Баланын апасы кош бойлуу экен, ал кайра тосмо арыз жазып, жолдошун чыгарып коюуну суранып жатат. Бирок мыйзамда ага жол берилбейт, кандай учур болбосун бардыгы так көрсөтүлгөн. Биздин министрликтин балдар менен иштеген бөлүмүнүн адистери сотторго катышып, баланын укугун жактайт. Бул ишти аягына чейин көзөмөлгө алабыз”, — деди Солтонбекова.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram