“Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция шайтанга дагы кызмат кылууга даяр”

25.11.2020

Бүгүн, 25-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев учурда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк каолиция шайтанга дагы кызмат кылууга даяр экенин билдирди.

Анын айтымында, парламенттик көпчүлүк коалициясы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда түзүлгөнүн эске салды. Андан кийин ушул эле адамдар экс-президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдоп, бирок кийин ага каршы чыгышты.

“Октябрь окуясынан кийин ушул эле коалиция учурдагы кырдаалды жана бийлик кимдин колунда болсо ошону колдойт”,-деди Бекешев.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram