Бүгүн коррупцияга шектелип кармалган Октябрь районунун акими Константин Куценко ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мжриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлобаев кол койду.
Эскерте кетсек, Куценко бүгүн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
fakt.kg