Мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун мурдагы аялы Динара Үсөнканова экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка чакыртылды. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.
Маалыматка ылайык, Курсан Асановдун мурдагы аялы күбө катары чакыртылган.
Буга чейин ал салыктан качуу иши боюнча Аскердик прокуратурага чакыртылган эле.
Белгилей кетсек, Курсан Асанов президенттикке талапкер.
fakt.kg