Чүй облусунда “Чач” кармалды… (Фото)

21.11.2020

Чүйдө “Чач” каймана аты бар Э.М. аттуу кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кармалган жаран  буга чейин криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин тобунда жүргөнүн, Ал 2015-жылы Белоруста өлтүрүлгөн. Кыргызстандын аймагында бир катар кылмышка барганын жана Жалал-Абаддагы атышууга катыштыгы бар экенин белгиледи.

“Кримтөбөл Э.М. жана ал башкарган кылмыштуу топту “Кыргызнефтегаз” компаниясынын мурунку жетекчиси Р. Бостонкулов мыйзамга каршы аракеттерине пайдаланып жүргөнүн айта кетүү зарыл”, — деп айтылатмаалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш иши Бирдиктүү реестрге каттоого алынып, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

УКМК Э.М. жана аны менен байланышы бар адамдар жасаган кылмыштардын бетин ачууга багытталган иш-чаралар улантыларын кошумчалады.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1206

18 400

Акыркы кабарлар