Ошто досун өлтүргөн жаран кармалды…

21.11.2020

Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ШИИББнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга дарыгерлер тарабынан адамдын  сөөгү табылды деген билдирүү келип түшкөн. Маркумга бир нече жолу бычак сайылган.

Каза болгон жаран Кара-Суу районунун тургуну У. уулу Н. Факт КР Кылмыш-жаза кодексинин« Адам өлтүрүү » беренеси боюнча КЖБРге катталган. Кылмышка шектүү катары 27 жаштагы Р.А кармалган. Көрсө, жаштар алкоголдук ичимдиктерди ичишкен экен, андан кийин алардын ортосунда жаңжал чыгып, кылмыш учурунда шектүү ашканадан бычагын алып чыгып, досун уруп жиберген.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1206

18 400

Акыркы кабарлар