Жогорку Кеңештин депутаты: “Чимкириктер юристтен шпаргалка күтүп…” (Видео)

20.11.2020

Жогорку Кеңештин депутат Дастан Бекешев президенттин аппарат башчысынын орун басары Бектур Зулпиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабы менен башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

Бекешевдин айтымында, Зулпиев Кыргызстандын Конституциясын бузуп, укугу жок болсо да Конституциянын жаңы долбоорун түзүүгө кийлигишкен.

КРнын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, президент жана Президенттик аппараттын жаңы мыйзамдарды, анын ичинде Конституциянын жаңы долбоорун сунуштоого укугу жок.

«Президенттик аппараттын кызматкерлери кызматтык ыйгарымдарынан аша чабышты, бул “Референдум жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдоодо, ошондой эле долбоорду демилгелөө максатында Жогорку Кеңештин депутаттарынан кол чогултууда айкын болду», — деп билдирди Дастан Бекешев.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1206

18 400

Акыркы кабарлар