Ошто 6 милиция кызматкери кармалды…

20.11.2020

Ош облустук криминалдык милициясынын 6 кызматкери 26 жаштагы жигиттин өлүмүнө байланыштуу тергелип жаткан иштин алкагында кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту менен (кыйноо), 1994-жылы туулган жаран К.у.Мдин өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Ал жарандын өлүмү Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын административдик имаратында катталган.

19-ноябрда Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, жогорудагы кылмышка шектүү катары Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармалды.

Алар – 1988-жылы туулган А.С., 1981-жылы туулган Э.У., 1989 –жылы туулган С.Д., 1988-жылы туулган  А.Ш., 1988-жылы туулган О.А., жана 1986-жылы туулган Ш.С.

Кармалгандар УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган сотко чейинки өндүрүштүн иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 19-октябрда 26 жаштагы жаран милиция тарабынан кармалгандан кийин каза болуп калганы, алдын ала маалыматтар боюнча ага күч кызматкерлери тарабынан кыйноо болгону айтылган. 

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1206

18 400

Акыркы кабарлар