Чүйдө аялы мас абалында күйөөсүн өлтүргөн

20.11.2020

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Сосновка айылында күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип аялы кармалды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.


Маалыматка ылайык, 17-ноябрда Жайыл аймактык ооруканасына бычактан жаракат алган 32 жаштагы С.А. аттуу жаран түшкөн. Көп өтпөй жандандыруу бөлүмүндө алган жаракатынан улам каза болгон.

Бул окуя боюнча милиция “киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин баштаган.

Анын жүрүшүндө шектүү катары маркумдун 29 жаштагы А.А. аттуу жубайы кармалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, экөө чогу спирт ичимдиктерин ичип отуруп, пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Жыйынтыгында аялы күйөөсүнүн моюнуна бычак менен сайган.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1206

18 400

Акыркы кабарлар