Кыргызстандык спортчу алтын медалга ээ болду

04.11.2020

Кыргызстандык триатлет Айваз Оморканов «IRONMAN-70.3 Turkey» эл аралык турниринде алтын медалга ээ болду. Бул туралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги расмий сайтына жарыялады.

1-ноябрда Түркиянын Белек шаарында эл аралык «IRONMAN-70.3 Turkey» турнири болуп өттү.

Кыргызстандык спортчу Айваз Оморканов бардык аралыкты 4 саат 9 мүнөт 39 секундда басып өтүп, өзүнүн жаш курагы боюнча жеңүүчү аталды.

Триатлет жарым аралыкка чуркоо боюнча жаңы улуттук рекорд койду.

Белгилей кетсек, катышуучулар 1,9 километрди сууда сүзүп, 90 километрди велосипед тээп, 21,1 километрди чуркап өтүшү керек болчу.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1206

18 400

Акыркы кабарлар