Каныбек Осмоналиев: “Коррупционерлер коркконунан мага каршы чыгып жатышат”

29.10.2020

 Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин  мугалимдер жамааты ректорлукка профессор Каныбек Осмоналиевдин келүүсүнө нааразычылыктарын билдирип бүгүн митингге чыгышаарын билдиришкен. Fakt.kg бул суроо боюнча  Каныбек Осмоналиевге кайрылды.

-Сизди Улуттук университетке ректор болуп келбесин деп, мугалимдер жамааты сизге каршы митингге чыгышат экен?

-Ал жерде мугалимдер жамааты эмес,  он жыйырма чакты эле коррупционерлер  коркконунан мага каршы чыгып жатышат. Бирок азырынча мен бараар барбасым так эмес.

-Сизди бул кызматка ким сунуштап жатат?

Мени президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров чакырды, барсам ал мага Улуттук университетке ректор болуп иштеп бериңиз деп сунуш кылды. Бирок биз бул кызматка баруу үчүн эч кандай келишим түзө элекпиз.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1206

18 400

Акыркы кабарлар