Ысык-Көлдө 31 жаштагы аял кызы менен каза болду

29.10.2020

Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ Балыкчы- Ананьево- Каракол унаа жолунда болгон. 31 жаштагы аял BMW X5 үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жаткан. Айдоочу рулду башкара албай калып жолдон четине чыгып, бакты сүзүп токтогон.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана анын 11 жаштагы кызы алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган. Андан сырткары ооруканага дагы эки адам жеткирилген. Алар 5 жашта жана  7 жаштагы өспүрүмдөр болгон.

Азыркы учурда тергөө амалдары журүп жатат.

Маркум аял менен кыз Ысык-Көл облусунун ЖККББнын жетекчичинин орун басарынын аялы менен кызы болгон.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1206

18 400

Акыркы кабарлар