Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси дайындалды

16.10.2020

Индира Куралбекова Жогорку Кенештин маалымат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Канатбек Исаев кол койду.

Буга чейин Индира Куралбекова өлкөнүн билим берүү тармагында жана акыркы жылдары Жогорку Кеңештин маалымат кызматында эмгектенген.

Коомчулук менен эл өкүлдөрүн байланыштырууда бир канча программаларды даярдап, обого алып чыккан. Кесиби боюнча журналист.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram