Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үйүнүн сүрөттөрү жарыяланды… (Фото)

16.10.2020

Отставкага кеткен Сооронбай Жээнбеков кандай үйдө жашаарын Кыяс Молдокасымов жазып чыкты.

Бул үй бүгүн эле кызматтан кеткенин билдирген Сооронбай Шариповичтин Кара Кулжадагы үйү. Туура үч жылдан бери бул үйүнө барып кеңири уктай да элек болчу. Ага протокол деген балекет жол берчү да эмес. Эми өз кызматынан элинин амандыгын, мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыкты өйдө койгон ээсин бул үй чыдамсыздык менен күтүп жаткан учур. Өз өлкөсүнөн өңгө жака качып баш калкалап калбаганына, түбөлүк зарыга күттүрбөй калганы үчүн жансыз үйгө жан бүтүп сүйүнүп жаткандыр……

Айтат турган, жаза турган көп сөз бар эле, ансыз да жаны ачып турган ажонун жарасына түз сеппейин, жай турмушта айтайын деп токтоттум…

Бул сүрөттү туура 50 күн мурда короолош жашаган эң кенже карындашым менен күйө баламдын үйүнө барганда тартып алдым эле. Эмнегедир бүгүн бөлүшкүм келди.

Болгону эң кайгырганым айрымдардай “жакын кудалык” мамилемдин да пайдасы тийбей 3000 жылдык КАРТ ТАРЫХЫБЫЗДЫ изилдөөгө бир жылдан бери бир тыйын бөлдүртө албай үзгүлтүккө учураганы болду!!!

Бул мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин хасарайы.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1206

18 400

Акыркы кабарлар